Маркетолог

Опубликована: 13.11.2020 16:12:48
Крайний срок: 13.12.2020 16:12:48 Истёк срок подачи заявок
Зарплата: По результатам собеседования
Город: Ош
Занятость: полная занятость
График работы: С 08:30 до 18:00

Истёк срок подачи заявок

Расскажите друзьям:

Информация

Общие сведения

13 жылдан бери тез өнүгүп жана чоңоюп келе жаткан Барбол кондитердик компаниябызга Маркетолог жумушка кабыл алабыз.

Иш тажрыйбаңыз болсо, анда сизге артыкчылык берилет. Эгерде сиз буга чейин маркетинг же PR жаатында натыйжа жаратып иштеген болсоңуз, анда сиз кызыктуу, жакшы маяна төлөнгөн жумушка жана ынтымактуу командада иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Эгерде иш тажрыйбаңыз болбосо, анда эч нерсе эмес. Болгону, сиз жетиштүү деңгээлде акылдуу жана жөндөмдүү болсоңуз, биз сизге баарын үйрөтөбүз жана көрсөтөбүз. Бизде кызматкерлерибиздин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн атайын ички академиябыз бар. Мурунку маркетологубуз маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси, ал эми башка маркетологубуз PR бөлүмүнүн жетекчиси болуп кызматынан жогорулашты.  Андыктан сиз ишиңизде натыйжа көрсөтүп, ийгиликтерди жаратсаңыз , анда карьералык тепкичте дагы да көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Требования

  • Дайыма билим алууга умтулуу жана алган билимдерин жумушта колдоно билүү;
  • Баамчылдык жана аналитикалык жөндөмдүүлүк;
  • Креативдүүлүк;

 

Обязанности

Маркетолог ар дайым потенциалдуу кардарлардын көңүлүн бурган көптөгөн жарнамалык кампанияларды уюштуруп турат. Ар кандай каналдар аркылуу продукцияларды жарнамалайт (тышкы жарнак, интернет, ММК, WhatsApp ж.б.). Базарга көз салып, баа менен алектенет. Атаандаштардын продукцияларын көзөмөлдөп, зарыл учурда компаниянын ассортиментине жаңы продукцияларды кошууну сунуштайт. Таңгактарды жана этикеткаларды таанымал жана маалыматка ээ кылуу үчүн дизайнерлер менен чогуу иш алып барат. Товарлар планограммага ылайык жайгаштырылып, сатып алуучуларга так багыт берген заманбап белгилер менен камсыздалуусу үчүн мерчендайзингди көзөмөлдөйт. Компаниябыздын продукцияларынын артыкчылыктарын жана баалуулуктарын таанытуу үчүн натыйжалуу POS материалдарын керектүү көлөмдө басып чыгарат жана аларды керектүү жерлерге жайгаштырат. Орус тилин жакшы билет жана компьютерде мыкты иштей алат. Бул милдеттердин бардыгы көп эмгекти талап кылат. Ошондуктан жумуш убактысында бир мүнөт да бош убактыңыз  болбойт.

Условия

Расмий жумушка орношуу. Компаниянын ашканасында акысыз түшкү тамактануу. Иштөө убактысы 8: 00дөн 18: 00гө чейин дүйшөмбү-жума. Ишемби 14: 00гө чейин кыска күн. Ишемби күндөрү саат 9: 00дөн 11: 00гө чейин компаниянын эсебинен окуу менен квалификацияңызды жогорулатып, экзамен тапшырып турасыз.

Эгерде сиз бул жарыяны жакшылап окуп чыгып, биз менен иштешүүнү кааласаңыз, анда "Мен Барболдо иштегим келет жана анкетаны толтурууга даярмын" деп жооп жазыңыз. Жоопту hr.barbol@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүңүз. Байланыш телефондору: 0773 73 33 35; 0553 02 02 15

О компании

Хлебобулочные и кондитерские изделия

Истёк срок подачи заявок

Похожие вакансии

  • Директор по продажам

    Металлопрокатный завод им. М.В.Фрунзе
    Бишкек
    полная занятость

    Опубликована 4 месяца назад

  • Специалист коммерческого отдела (Маркетолог)

    ОЮЛ "Кыргызский футбольный союз"
    Бишкек
    полная занятость

    Опубликована 1 месяц назад

  • Торговый представитель

    ОсОО "DALI"
    Бишкек
    полная занятость

    Опубликована 1 год назад